Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаттары: "Чек ара боюнча Бишкектен барган расмий өкүлдөр "дежурларга" эле жолугуп кайтышат"

Бүгүн, 13-ноябрда "Мамлекеттүүлүк чек арадан башталат" аттуу маалымат жыйын өттү. Анда Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаттары бийлик чек арадагы маселени чече албай жатат деп нааразы болушту. Алардын айтымында, коңшу Тажикстан Кыргыз өлкөсүнүн макулдугу жок эле чек ара маселесин бир тараптуу кылып, өз пайдасына чечип жатат.

"Чек аранын бекемдиги, Кыргыз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгү - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эң негизги муктаждыгы болуп эсептелинет. Тилекке каршы, бул багыттагы жоопкерчиликсиз жана чечкинсиз саясаттын айынан чек арага жакын аймактарда чыр-чатак күн алыс кайталанып келүүдө.

Жаралган көйгөйдүн өз убагында чечилбей жатканы кошуна өлкөлөрдүн пайдасына иштеп жатат. Кошуналар бизден сурабай эле, бир тараптуу, өздөрүнүн пайдаларына чечип коюуда. Жергиликтүү калк баарын көрүп, байкап турат. Бишкектен барган расмий өкүлдөр эл менен жолукпай эле, "дежурлар" менен жолугуп, кайра кайтканды токтотушкан жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурларда дагы кошуна өлкөнүн биздин аймактарда же тактала элек аймактарда курулуш иштерин жүргүзгөнү аябай көп нерселерден кабар берүүдө", - деп билдиришти алар.

"Чек араны кыргызстандыктардын баары үчүн маанилүү деп эсептейм. Эгемендүүлүккө 28 жыл болду. Бул убакыт аралыгында бийликтин тынчын алып, аларга кайрылып келген жокпуз. Эки чиновник ошол ок атылган жерге эки күн жашап көрсүн. Президентти буга катуу көңүл бөлөт деп үмүт кылып турабыз. Көйгөй, балким, кадр маселесинен уламдыр деп ойлойбуз.

Чек ара коммитети туура эмес адамдарды коюптур, Карамушкина сыяктуу депутаттардын ысымдары жүрөт. Ал жерге түшүнгөн адамды коюш керек эле. Анткени чек ара аймагындагы элдердин көйгөйү оор абалда. Мындан улам күч структурасынын абалын бекемдөө керек", - деп билдирди жарандык активист Абдижапар Досов.

Маалымат жыйынга катышкан коомдук активисттер демаркациялоо жана делимитациялоо иштери толук бүтө электигине карабай, тажик тарап дагы деле тоготпогондой, өздөрүнүн пайдасына курулуш иштерин жүргүзүп келе жатышат деп белгилешти.

“Бошоң саясаттын айынан чек арадагы көйгөй кайталанып келет”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Absamat-90
2019-11-13 14:21:13
Икрам аканар жок кыйла эле кыйналыпсынар.
-1
Absamat-90
2019-11-13 14:22:08
Шадиевди кармабайт беленер анан колдоп коштоп Коргончодон узатып койбой.
-2
Rakyl12
2019-11-13 15:20:25
Absamat-90,Шадиевди биз кармайт белек, арыз муңуңду бийлике айт.
+2
Jaznura
2019-11-13 14:26:25
Чек араны ошол жерде отуруп чечкиле. Бул жерде не кыласыңар??? Раззаковдун тактикасын колдонуу керек.
-3
keku00
2019-11-13 14:30:59
Бийлик менсибесе силер да бийликти менсибегиле. Канга кан, жанга жан, бир туугандарым!
+3
Saiit
2019-11-13 14:33:08
Ар айдын биринчи дем алыш куну бут Баткендиктер Ала-Тоо айантына чыгалы озубуздун арзы мунубузду айталы! Тушуну менен кабыл аныздар ал куну дем алыш бирок жумуш кундору бизда эч бошобойбуз!!
+3
Alimbek1000
2019-11-13 14:42:29
Силер куру эле бакырып атасынар. Эл жерге кылган бир да пайданар жок. Озунорду пиар кылганды токтотуп сунуш бергиле кантип чечиш керек....
-1
Alimbek1000
2019-11-13 14:43:44
Же бир конкреттүү сунушуңар жок, же бир конкреттүү фактыңар жок! Мадумаровдон талап кылбайсыңарбы неге биздин жерди Тажиктерге карматып койгонсуң деп.
-2
altyn-kumush
2019-11-13 14:48:37
Айылдык кеңештин депутаттары болуп туруп даттанганынар туура эмес! Силер баш болуп бул көйгөйдү колго алышыңар керек
-4
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-11-14 01:25:22
Баткенди тоготпойсунар бирок тарыхта эн кучтуу инсандар дал ушул Баткенден чыккан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан