"Ювентус" футболдук клубунун оюнчулары команданын чабуулчусу Криштиану Роналдунун Италиянын 12-чемпионатындагы "Милан" клубу менен болгон оюн учурундагы жүрүм-туруму үчүн кечирим суроосун талап кылышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Роналду оюндун 55-мүнөтүндө алмашууга чыккан соң машыктыруучуга салам бербей, кийим алмаштыруучу бөлмөгө кирип кеткен жана оюн аяктаганга чейин эле стадиондон кетип калган.
Бул оюнда жеңиш 1:0 эсеби менен аяктаган. Жеңиш алып келген голду Роналдунун ордуна оюн талаасына чыккан Пауло Дибала киргизген.
Бул окуя боюнча "Ювентустун" директору Роналдунун агенти Жорже Мендешке кайрылып, футболчу менен бул маселени сүйлөшүүсүн айткан.