Бүгүн, 13-ноябрда 24.kg агенттигинде "Мамлекеттүүлүк чек арадан башталат" аталышындагы пресс-конференция өттү.
Жыйынга Баткен жана Лейлек райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, жарандык активисттер катышты. Жыйында чечилбей жаткан чек ара маселеси, негизги маселелер тууралуу айтылды.
Бул жыйын провокациялуу жыйын болуп калбайбы? деген суроого активист Гүлжигит Исаков төмөнкүдөй жооп берди.
"Баткенде болобу, башка жакта болобу эки өлкөнүн чек ара маселесин чечкенин чагылдырган сүрөттөр жарыяланып жатат. Бирок ат тезеги кургай электе эле чек арада окуялар чыгып кетүүдө. Лейлек деген жазуу алынгандан кийин Тажикстандын тосоту бери жылдырылып, ал жерге контейнер коюлду. Булардын баары фактылар, болгон окуялар. Аны чек ара кызматында отургандар түз президентке айта албаса, УКМК, ИИМ дагы тикелей бийликке билдире албаса, азыр оппозиция жок болсо, баарын эле саясатка байлай берүүнүн эч кандай кажети жок.
Анткени бүгүнкү күндө корко берип, толук жерибизден ажырап калганы турабыз. Азыр президент Сооронбай Шарипович башкы буйрук берүүчү болгондон кийин, баары анын колунда. Ошондуктан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун бетине түкүргөндөй эле болуп жатат. Анткени жакшынакай сүйлөшүп, кол берип, жылмайганы башка, кылган иши башка болуп жатат. Бул нерсени биздин өлкө башчыны, кыргыз элин сыйлабагандык катары бааласа болот. Биз президентти аягына чейин колдойбуз, эгер улуттук кызыкчылыкты өлкө башчыбыз коргоп берсе", - деди Исаков.