Жогорку Кеңеште "Ысык-Көл" биосфералык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды.

Талкуу учурунда депутат Мирлан Бакиров биосфера чөйрөлөрүндөгү илимий иштер жана Ысык-Көлдөгү саркынды суулар боюнча жасалып жаткан иштерге кызыкты.

"Ысык-Көлдөгү саркынды сууларды туура агызып, чыгарып кетпегендерге жоопкерчилик маселесин кароо керек", - деди ал.

Ал эми депутат Максат Сабиров өлкөдөгү егерлер колдоого алынбаса, биосфералык аймактар боюнча мекемелерде илимпоздор болбосо, коюлган максаттарга жетүү кыйын болооруна токтолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан