Япониянын башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориясу: "Эртең кыргыз футболчулары менен жакындан таанышабыз"

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз өлкөсү менен Япониянын футболдук беттеш алдындагы маалымат жыйыны өттү. Анда Япониянын башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориясу эртеңки оюн оңой болбой тургандыгын белгиледи.

"Кыргыз курама командасы менен буга чейин бир жолу ойногонбуз. Эртеңки күнү дагы жакындан таанышабыз. Курамдагы бир коргоочубуздан башкасы мыкты абалда. Мая Йосида, Юто Нагатомо сыяктуу оюнчуларыбыз тажрыйбалуу, экөөнүн улуттук курамга ойногон оюндарынын саны 120дан ашат, алар бизге эртең керек болот. Кыргыз курама командасы физикалык жактан күчтүү, эртеңки оюн кызыктуу болот деп ишенем", - деди машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан