2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.
"Экономиканын өсүшү да 3,5 пайызды түздү. 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 миллиард 504 миллион сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган. Отчёттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 миллиард 736 миллион сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 миллиард 551 миллион сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды", - деди өкмөт башчы.