Депутат Бакыт Төрөбаев: "Өкмөт өзүнүн агымы менен эле эч нерсе болбогондой ойдо болуп жатат". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык фракциялардын лидерлери өлкөдө кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын айтып, өкмөттү сынга алышты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт отставкага кетип, жаңы коалиция түзүлүшү керектигин билдирди. Ал өлкөдө көйгөйлөр абдан көп, жоопкерчилик жок болуп жатканын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Оппозициялык фракциялардын лидерлери өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышты. Өкмөттү отставкага кетирүүгө азыр негиз барбы?" деген собол салды.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев өкмөттө жоопкерчилик болбой жатканына токтолду.

"Көчөдө бизнесмендердин өлтүрүлгөнүн, Түркияда киши колдуу болгон Саймаитинин консулдун номуру менен жүргөнү боюнча жакшы билесиздер. Көмүргө болгон баанын көтөрүлүшү, электр энергиясына коюлган лимиттин коюлушу, электр энергиясына болгон бааны өзгөртөбүз деген ойду айтышты. Кадамжай, Лейлектеги шахтадагы адамдардын өлүмүнө бул жерде эч кимдин жоопкерчилиги жок болуп жатат. Өкмөт өзүнүн агымы менен эч нерсе болбогондой эле ойдо болуп жатышат.

2018-жылдын бюджети да аткарылган жок, 95 пайызга гана аткарылды. Мына ушунун негизинде көпчүлүк коалицияга кайрылып, "бул силердин өкмөтүңөр, башка саясатты жүргүзгүлө же өкмөттү отставкага кетиргиле" деп башка жашоо, башка нукта баралы деген ойду айттым", - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан