Жогорку Кеӊеште 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт угузулган.
"Өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деп турабыз. Бул ички дүӊ өнүмдүн өсүшүнө караганда жогору. 2018-жылы айрым тармактар боюнча бюджеттик план аткарылбай калган. Мисалы, түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылган, бул маселе өкмөттүн жыйынында каралып, бир катар министрликтер менен мекемелерге тийиштүү чаралар көрүлгөн", - деди ал.