Депутат Өмүрбек Бакиров энергетика тармагын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Тийиштүү комитетке протоколдук тапшырма берүү зарыл. Депутаттардан, өкмөттүн өкүлдөрүнөн, күч түзүмдөрүнөн турган комиссия түзөлү. Энергетика тармагын кылдаттык менен карап чыкпасак кийин кеч болуп калат. Электр тармагындагы баш аламандыкты жакшы билебиз. Канчалаган аткаминерлер коррупциянын айынан түрмөдө отурат. Бүгүн энергетика тармагы каатчылыкка келип такалууда. "Улуттук энергетикалык холдингдин" кереги барбы? Энергетика министрлигин түзүшүбүз керек", - дейт депутат.