Премьер-министр: "Республикалык бюджеттин тартыштыгы 9,9 миллиард сомду түзөт"

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлиги тыгыз кызматташып жатканын баса белгиледи. “Ушундай алакалардын негизинде өлкөдө коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулук камсыз кылынды. 2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 155 миллиард 318 миллион сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 25,9 пайызында каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу республикалык бюджеттин номиналдык маанидеги кирешелери 2,3 пайызга же 3 миллиард 556 миллион сомго көбөйөт. Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан, 165 миллиард 264 миллион сом деңгээлинде белгиленген. Бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 миллиард 350 миллион сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 137 миллиард 490 миллион сом. Бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 6 миллиард 612 миллион сомго көп. Атайын эсептин каражаттары – 13 миллиард 303 миллион сом. Бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3 миллиард 930 миллион сомго көп. Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 14 миллиард 470 миллион сом.

Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 миллиард 945 миллион сомду түзөт. Каржы тартыштыгын жабууга 9 миллиард 945 миллион сом көлөмүндө каржылоо булактары каралган", - дейт өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан