Жалал-Абадда 28 жаштагы жаранды уурдап кетип, туугандарынан акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Маалыматты Жалал-Абад ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
Ушул жылдын 11-февралында саат 17:00 чамасында белгисиз адамдар 28 жаштагы Т. Ф. аттуу жаранды уурдап кетишкен. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучуну Бишкек шаарына алып келип, анын жакындарынан 20 миң доллар акча талап кылышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам урдоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тергөө иштеринин алкагында 2 шектүү колго түшүрүлүп, жабырлануучу туугандарына өткөрүлүп берилген. Бирок кылмыштуу топтун дагы 2 мүчөсү ушул фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын үстүнөн издөө жарыяланган.
2019-жылдын ноябрь айынын башында Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1993-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен кармалды.
Кармалган жаран Жалал-Абад ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат кызматынан.
Адам уурдоого шектүү катары кармалгандардын бири Ош облусунун Өзгөн районунун 20 жаштагы тургуну З.Б. болгон.