Чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө 137 миллион сом каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, суу чарба объекттерин жана жол курууга 320 миллион сом каралууда.
Буга чейин депутат Марлен Маматалиев 2020-жылы чек ара маселелерине канча каражат бөлүнө турганы боюнча маалымат берүүнү суранган.