Кыргыз өлкөсү менен Япония беттешине 50дөн ашык япон журналисттери келишкен. Оюн бүгүн, 14-ноябрда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Япон журналисттери оюнга 3 күн калганда келишип, улуттук курама команданын машыгууларын да тартышкан.
"Аккредитациядан өткөн журналисттери 50гө жакындады. Бирок дагы келип жатышат", - деп билдирген Футбол федарациясынын басма сөз өкүлү Наталья Угрюмова.
Беттеш саат 17:15те башталат.