Финансы министри: "2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом көлөмүндө каралууда"

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом көлөмүндө каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

"2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом көлөмүндө же ички дүң продукциянын 24,5 пайызына каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык көлөмдөрү 11 миллиард 948 миллион сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешелери 164 миллиард 916 миллион сомду жана 169 миллиард 243 миллион сомду түзөт.

2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 миллиард 663 миллион сом деңгээлинде белгиленген. Бул 2019-жылдын бюджетинен 11 миллиард 750 миллион сомго көп. 2021-2022-жылдарда республикалык бюджеттин чыгымдары 173 миллиард 498 миллион сомду жана 174 миллиард 967 миллион сомду түзөт", - дейт финансы министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан