Башкы прокуратура 20 кылмыш ишинин документи жоголуп кеткенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, териштирүү ишинде Бишкек ШИИББинин бөлүмдөрү козгогон 20 документ жок болуп чыккан. Учурда бул ишти ар тараптуу териштирүү, текшерүү иштери жана юридикалык баа берүү үчүн, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шалаакылык" беренеси менен катталган.
Сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.