Депутат чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине канча каражат бөлүнгөнүн сурады

Депутат Таабалды Тиллаев чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине канча каражат бөлүнгөндүгүнө кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сурады.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаковдун айтымында, кабыл алынган программага ылайык, 33 иш-чара пландалган жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн ар жыл сайын 98 миллион сомдон бөлүнүп берилип жатат. Ошону менен катар 300 миллион сомдон ашуун кошумча каражат каралгандыгы белгилүү болду.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы элди кармап калуу үчүн, социалдык маселелердин баары чечилиши керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан