Депутат Бокоев айыл өкмөттөрдөгү клуб башчыларынын, техникалык персоналдардын айлык маянасын жогорулатуу керектигин айтты

Депутат Кенжебек Бокоев айыл өкмөттөрдөгү клуб башчыларынын, техникалык персоналдардын айлык маянасын жогорулатуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден айыл өкмөттөрдөгү клуб башчыларынын, техникалык персоналдардын айлык маянасын жогорулатуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта аракеттер көрүлөрүн, ошол эле маалда айыл өкмөт башчылары өзүнүн аппаратын кармоо жаатында иш-чараларды көрүү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан