Саясатчы Бектур Асанов: "ТИМдеги көрүнүштөр - өкмөттүн саясатындагы жоопкерчиликсиздиктин кесепети". КҮНСОБОЛ

11-ноябрда Стамбул шаарында Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Кийин ал Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, бирок унаасы кандайча Саймаити өлтүрүлгөн жайда болуп калганын түшүндүрүп бере албагандыгы маалым болду.

Бир жыл мурун Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айткан. Ал элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар тууралуу билдирген.

SUPER.KG порталы "Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов бул жерде күнөө бир гана Тышкы иштер министрлигинде эмес деген пикирде.

“Бул жерде маселе Тышкы иштер министрлигинде гана эмес, маселе жалпы өкмөттө болууда. Бул өкмөттүн саясатындагы жоопкерчиликсиздиктин кесепети.

Бул окуя Тышкы иштер министрлигине гана эмес, Ички иштер министрлигине да тиешелүү. Себеби өлкөдө бизнесмендердин өлүмдөрү болуп жатат. Биз кылмыштуулук, уюшкан кылмыштуу топтор менен эч кандай күрөшкөн жокпуз. Ушунун баары өкмөттүн чабалсыздыгынан болуп жатат деген пикирдемин”, - дейт Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан