Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө 33 жаштагы А.А. аттуу Кыргыз жараны жолдошун издеп жатканын айтып, жардам сурап кайрылган. Арызда жолдошу 1989-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Э.М. аттуу жаран экендиги айтылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15 жылдан бери Орусияда курулушта иштеген Э.М. 2019-жылы октябрь айында өзүнө таандык ак түстүү Ниссан AD үлгүсүндөгү унаасы менен жумушка чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Арыз аймактык полиция бөлүмүндө кабыл алынып, иликтөөнүн жыйынтыгында, 11-октябрь күнү Москва айланма автожолунда (МКАД) 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран табылгандыгы аныкталган. Ал баш мээсинин ачык жаракаты жана башка ар кандай оор жаракат менен Москва шаарындагы ооруканалардын бирине түшкөн. Иликтөө учурунда ооруканадагы жаран жубайы издеп жүргөн Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Учурда бул факты боюнча аймактык укук коргоо органдар тарабынан экспертизалар жүргүзүлүп, жаракат алуунун чыныгы себеби аныкталууда.