Өлкө башчы айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлерин куттуктады

Бүгүн, 15-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Анда өлкө башчы айыл чарба тармагы өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин айтты.

"Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылып, жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы - өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кыргыз эли кылымдар бою табигый таза продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбаны улантып, жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук. Ал үчүн майда чарбаларды бириктирүү, ири кооперативдерди түзүү, ирригациялык системдерди куруу, сугат жерлерди көбөйтүү милдети турат. Мамлекет кайра иштетүү ишканаларын курууга, жаңы долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурууда. Каржы ресурстарынын басымдуу бөлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда.Сиздер менен чогуу жасаган аракеттердин натыйжасы менен элет жерин өнүктүрүү багытында жакшы көрсөткүчтөр камсыз кылынды. Мындан ары дагы жаңы жеңиштерди жаратасыңар деп ишенем", - деди өлкө башчы өз куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан