Бишкекте 13-кабаттан 20 жаштагы жигит кулап, каза болду

Бишкекте 13-кабаттан 20 жаштагы жигит кулап, каза болду. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-ноябрда болжол менен Бишкектеги Логвиненко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде катталган.

"Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө саат 22:00 чамасында билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Алдын ала маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган В. А. көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан кулап түшкөн. Жерине "Тез жардам" кызматы келип жабырлануучунун каза болгонун аныкташкан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди маалымат кызматынан.

Маркум Кыргыз жараны болгон, ошондой эле анын жанынан Улуу Британиянын жараны деген паспорт табылган деген маалымат боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан