Бишкекте кыргыз-корей жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт

25-августта Бишкектин борбордук стадионунда “Эки өлкө. Эки маданият. Бир жаңылык” аттуу Кыргызстан менен Түштүк Кореянын жылдыздарынын катышуусунда чоң программадагы концерт өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары 14-августта билдиришти. Концертке Түштүк Кореянын белгилүү ырчылары жана бийчилери келишет. Концерт  “батл” стилинде өтөт. Кореядан Лижуно, Тиайпи, Крэйзино, Ким Жи Хун сыяктуу ырчылар, ал эми Кыргызстандан ырчылар Омар, Арсен, Салтанат Аширова жана "We'll Be", "Let's Dance", "Tэйсти Крью" бий топтору катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан