Кочкор-Ата шаарында ата-энелер таңкы саат 4төн тартып сыз тепкичте отуруп дарыгерди күтүшүүдө

Социалдык тармакка Кочкор-Ата шаарында дарыгерди күтүп, ымыркайлары менен тепкичтерге кыркалекей тизилип отурган ата-энелер тууралуу маалымат сүрөтү менен тарады. Анда "21-кылым санариптештирүү жылы. Саат таңкы 4:45тен баштап кезек күтмөй. Кочкор-Ата шаарынын Балдар психоневрологиялык бөлүмүнөн бир көрүнүш. Саламаттыкты сактоо министрлигине жеткирип койгулачы, шарт түзүп койсун. Бетондо сызда 3-4 саат күтүп олтурган аялдарды көрүп, аялдар колониясы деп ойлойт экенсиң. Ооруп келгендер кайра суукта чала жан болуп кетет экен, отурганга орун жок. Сыртта машинада жылынып отургандар андан көп", - деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Absamat-90
2019-11-15 15:50:40
Негизи мезгил алмашканда дал ушул психоневрологияга кайрылгандарткоп болот. Ошондуктан шаардан да дарыгерлерди жиберип, кезек куттурбой бат-баттан карай турган шарт тузуу керек. Экинчиден айыл жеринде врачтарды да тушунуу керек. Алар жумушунда врач, уйундо уй саап балдарды окуусуна узатып анан жумушуна келишет.
+2
Beka1986
2019-11-16 21:40:35
Балдар оорубасынчы
0
Va.vasm
2019-11-17 19:41:04
Темирбаев деген күчтүү врач. Ал жерге Кыргызстандын булуң бурчунан барышат, балдарын көрсөткөнү. Ошол үчүн кезек күткөндөр көп.

Мен да баргам убагында ушул врачка. Баламды сүйлөтүп койду, Кудайга шүгүр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан