Учкун-2 конушунун жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышты

Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Учкун-2 жаңы конушунун 60ка чукул жашоочусу бүгүн, 15-ноябрда өздөрүнүн эле айылында нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын негизги маселеси электр жарыгы, таза суунун жоктугу жана бир нече жер тилкенин камакка алынгандыгы болгон.

Аталган айылдын жашоочусу Кызылгүл Алымкулованын алган жер тилкесиндеги үйү камакта турат. Ал 2003-жылы аталган конуштан 8 сотук жер тилкесин сатып алган. "Үйүмдүн документи жараксыз болуп, кимге кайрылууну билбей турам" деген Алымкулова бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар дейт.

"2003-жылы Учкун-2 конушунан жер тилкелерин алганбыз. Жер тилкеси мыйзамдуу экенин далилдеген кагаздар колубузда турат. Ага карабай кээ бир тилкелерди камакка коюп коюшту. Алардын ичинде менин дагы жер тилкем бар. Бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы турат", - деди ал.

80 жаштагы Бегайым Ташкулованын кызы Айнура Отунбаева 2008-жылы Учкун-2 конушунан жер тилкесин сатып алган. Бегайым апа 7 жылдан бери соттон сотко барып, маселесин чече албай келе жатканын айтат. Анткени алар сатып алган жер тилкени башка тарап дагы сатып алып, экөөнө тең кызыл китеп берилип калган.

"2008-жылы жер тилкесин сатып алганбыз. Биз сатып алган жер тилке башка дагы адамга сатылып, аларда дагы жер тилкенин кызыл китеби бар экен. Бул маселе боюнча 7 жылдан бери соттошуп, эч жыйынтык чыкпады. Эми айлабыз калбай Сокулуктун сотуна кайрылдык. Анткени кызым жалгыз бой эне, анын кичине кызы бар. Акыйкаттык издеп Мамлекеттик каттоо кызматына бардым. Алар жер тилкесин кызымдын атынан катталганын айтып, далилдеп беришти. Бирок ага карабай сот акыйкат чечим чыгарбай жатат", - деди Бегайым Ташкулова.

Аталган айылдын жашоочусу Бактыгүл Дүйшөнбиева "Суу жана электр жарыгы маселеси бүтпөс көйгөй болду. Таза сууну 3 чакырым алыстан ташып келип жатабыз, жергиликтүү бийлик бул маселени тез арада чечип берсин", - дейт. Анын айтымында, аталган айыл быйылкы кышта дагы электр жарыгы, таза суусу жок калып кетүү коркунучунда турат.

"Бул жерде 2013-жылдан бери жашайбыз. Биз жаңы отурукташкан жылдары конушта суу, электр жарыгы жок болчу. Электр жарыгы айылыбызга келгенине 2 жыл болду. Айылда бир трансформатор бар, ага 120 түтүн кошулган. Электр тогу өтө начар берилгендиктен, анын жанында чырактын жарыгы жакшы болуп калат. Биздин айылдын таза суусуна 6 миллион сом бөлүндү деп мындан 2 жыл мурун айтылган. Андан бери иштебей турган суунун мотору жарабай калды. Эки жылдан бери барбаган жерибиз калган жок. Сууну 3 чакырым алыстыктан ташып келебиз. Ал деле бир саат чыгат, жетишип алып калсак анда жакшы, жетишпей калган учурлар дагы болот. Бул маселелерден улам жергиликтүү тургундар туздуу суу чыгарып алышкан. Ал сууну ичкен балдар ар кандай ооруга чалдыгып жатат", - деди ал.

Ал эми Сокулук районунун акими Асылбек Сатыбалдыев айыл жашоочуларынын маселеси жакынкы күндөрү чечиле турганын айтты.

"Бул жердеги жаңы конуштун бир эмес, бир нече көйгөйү бар экен. Алардын ичинен таза суу менен электр жарыгы эң негизги көйгөйлөр болуп эсептелинет. Аталган маселелер боюнча айыл өкмөтүнө акча бөлүнгөн. Буюрса, көйгөй жакынкы арада чечилип, айыл таза суу, электр жарыгы менен камсыз болот ", - деди Сатыбалдыев.

Учкун-2 конушунун жашоочулары бир нече маселелерге байланыштуу митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
555-777
2019-11-16 00:13:25
Бөлүнгөн миллион, миллиард гранддардын 100/10 бөлүгүн иштетип, калганына өздөрүн багып жатышатта жегичтер.
-1
Aidar.001
2019-11-16 00:49:36
Кундузу эчким билбептирби бул жонундо, тунку 12 болду го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан