Автокырсыктан каза болгон маркум Акжолтой Канатбек уулунун "Бегимай" деген ырына клип тартылат

Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу төкмө акын, ырчы Акжолтой Канатбек уулунун чыкпай калган "Бегимай" деген ырына клип тартылмакчы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы Курал Чокоев билдирди.

"Акжолтой менен жаңы иштешип, ага продюсерлик кылып, "Бегимай" деген ырды жаздырып берген элем. Жакында ал ырга клип тарттырып чыгарабыз деген планыбыз бар болчу. Тилекке каршы, максаттарыбыз ишке ашпай, Акжолтой кырсыктан каза болду. Учурда анын атынан "хайп" жараткысы келгендер пайда болуп, бүтө элек форматтагы ырын YouTube каналына чыгарып жатышат. Мындан ары аларга чара көрүлөт. Ал эми "Бегимайга" Акжолтойдун элесине арнап жакында клип тарттырабыз. Андан башка да жаздырабыз деген эки ырыбыз бар эле. Буюрса, эки ырын да таштап койбой, өзүм ырдап чыгам", - дейт Курал Чокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madina.87
2019-11-19 22:06:35
Акжолтойдун сүрөтүн көргөн сайын көзүмөн жашым токтобойт.
Аттиң аттиң арман дүйнө..
Аллах бейишин берсин.
Жок дегенде балалуу болуп, туяк калтырып кетсеңер эмне арман
+2
Nevestkaa
2019-11-20 01:37:14
Ушул баланы көргөн сайын ичим туз куйгандай ачышат арман дүйнө жигит өлбөс болсочу ай.Үнү да сонун экен эле байкушумун.
+1
Fara2525
2019-11-20 12:29:38
Кантем элиндин кокурогун эздин ай. АЛЛАХЫМ сага бейишинен орун берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан