Жыл башынан бери эл аралык транспорттук коридордун 374,7 чакырым жолу оңдоп-түзөөдөн өттү

2016-2025-жылдарга Жол тармагын өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруунун алкагында, 2019-жылдын башында өлкө боюнча эл аралык транспорттук коридордун 374,7 чакырым жолу оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында, наркы 600 миллион сомдук узундугу 140 чакырым келген райондордун борборлорундагы көчөлөрдүн жана жолдордун 113 объектинин тизмеги бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган жумуштар аткарылды.

"Муну менен катар аймактарды аралап жүрө турган автобустардын санын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө. Автобустук каттамдар менен камтуу боюнча эң жакшы көрсөткүч Чүй облусунда – 98,7 пайыз, эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда - 69,4 пайыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arman7
2019-11-16 14:02:50
Жасалып жатат жолдор бирок сапаттуу эмес 1жылга жетпей бузулуп жатат
0
elchi84
2019-11-16 14:21:50
Чункурларды жамаганыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан