Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаарынын райондук сотторуна судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотуна 12 талапкер жана Бишкек шаарынын 4 райондук сотуна 8 талапкер. 8-ноябрда мамлекет башчы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 16 талапкер боюнча Президент чыгарган жарлыктарга ылайык дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди.

Жалал-Абад облусу боюнча:

  • Ала-Бука райондук соту - Асылбек Мамадалыев;
  • Базар-Коргон райондук соту - Эльдияр Жороев;
  • Кара-Көл шаардык соту - Чолпонай Уметалиева;
  • Майлуу-Суу шаардык соту - Таалайбек Маматалиев;
  • Ноокен райондук соту - Талантбек Култаев;
  • Таш-Көмүр шаардык соту - Рахматулла Шайымбеков;
  • Тогуз-Торо райондук соту - Калыйнур Кангелдиев;
  • Токтогул райондук соту - Тилек Ормушев;
  • Чаткал райондук соту - Куштарбек Маматов;

Бишкек шаары боюнча:

  • Ленин райондук соту - Жамиля Туражанова;
  • Октябрь райондук соту - Күмүшай Баймуратова, Тилектеш Бегалиев, Алмаз Нурбеков;
  • Биринчи май райондук соту - Чыңгызбек Бердимуратов, Адылбек Эсенбаев;
  • Свердлов райондук соту - Алма Кадыркулова.
  • Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан