Премьер-министр өлкөнүн кинематографисттерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн кинематографисттерин кесиптик майрамы – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм. Маданият ишмерлеринин зор аракети менен сакталып келе жаткан тарыхый-маданий мурастар, мыкты чыгармалар аркылуу биздин элибиздин нарктуу образы, колориттүү өзгөчөлүгү даңазаланып турат.

Бүгүнкү күндө кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргыз мамлекетинде динамикалык өнүгүү жолунда болуп жаткандыгы кубандырат.

Кыргыз режиссёрлору тарткан фильмдер аркылуу ата мекендик кинонун аты алыскы жана жакынкы мейкиндикте жогорку деңгээлге чыгып, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун таап, күтүп көргөн кинолорго айланууда.

Быйыл жаш кыргыз кинорежиссёрлору жараткан Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры", Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк", Эмил Атагельдиевдин "Көл", Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмалары дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын имиджин алдыга көтөрүп, жемиштүү орундарга ээ болууда.

Улуттук тасмаларды жүгүртүүнүн көлөмү жылдан-жылга өсүп, республиканын калкынын кинотеатрларга баруусунун саны көбөйүүдө.

Кино өнөрү улуттук маданияттын эң маанилүү багыты катары мындан ары да өнүгө беришине ишенебиз жана кыргыз киночуларынан мыкты чыгармалардын жаралышын күтөбүз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык жаратмандыкты каалайм", - деп жазылат куттуктоо текстинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан