Башкы штаб: "Ошто аскер кызматкери өз жанын кыйды. Анын жансыз денеси ата-энесинин үйүнөн табылган"

Ошто аскер кызматкери өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Башкы Штабдын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кызматкер Башкы штабдын Оштогу №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеген. "Анын жансыз денеси бүгүн эртең менен өзүнүн үйүнөн табылды. Ал ата-энеси менен жашачу. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат", - деп билдирет Башкы штабдын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
muras111211
2019-11-18 08:39:16
Кысым болгон окшойт да.
0
sely
2019-11-18 13:02:25
muras111211,эч кандай кысым болгон эмес го дейм
0
Jacob.
2019-11-18 13:56:54
Өзүн өзү асынып өлгөн адам, "аскер кызматкери" болсо эле кысым болуп ошонун айынан өлгөн деген туура эмес, азыр мурдагыдай дедовшина жок, аскер кызматкери эмес катардагы жоокерге катуу тийиштен коркосун..
Билип билбей эле урдура бербегиле да.
+1
elmira.
2019-11-18 14:11:12
Военный болуп коп жылдан бери иштейт эле.озунун уйунон асынып алыптыр жап жаш бала эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан