Бишкектин Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаа аял кишини сүзүп, ал кырсык болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-ноябрь күнү саат 08:30 чамасында болгон.
"Nissan X-Trail унаасы жашы 30-40 чамасындагы аялды сүзүп кеткен. Ошондой эле аялды алдыда келе жаткан Тойота унаасы да үстүнөн тебелеп кеткен. Учурда окуя болгон жерде Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат. Кошумча маалыматтар берилет", - деди басма сөз кызматынан.