Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан беттешинин алдында командалардын башкы машыктыруучуларынын катышуусунда маалымат жыйын өттү. Анда Тажикстандын башкы машыктыруучусу Усман Тошев бул оюн эки команда үчүн маанилүү экендигин айтты.
"Даярдык план боюнча жүрүп жатат. Кечээ күнү Бишкекте машыгуу өткөрдүк. Биз дагы, Кыргыз тарап да түшүнүп турат. Бул оюн эки команда үчүн маанилүү, чечүүчү деп да айтсак болот. Командабыз толугу менен Бишкекке учуп келе алган жок. Виза жана билеттер боюнча маселе жаралып калды, команда толугу менен бүгүн чогулат. Калгандары Ташкенттен учуп келишет.
Япония сыяктуу командалар менен ойногондо дагы кандай деңгээлге өсүү керектигин көргөзөт. Биз дагы япондор менен болгон оюндан кийин тиешелүү жыйынтык чыгарганбыз. Мьянма менен болгон оюнда мен туура эмес курам чыгарып алыптырмын. Алар оюнда өздөрүн көрсөтө албай коюшту. Бул менин катам болду. Ал оюндан кийин ар ким отставкага кет деген сөздөрдү жаза берет. Оюндан кийин ар нерсени жаза берсе болот, бирок биз иштеп жатабыз.
Тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүк акыркы оюнга чейин болот. Кыргыз өлкөсүндө да, Тажикстанда да тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар", - деди Усман Тошев.