ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында бир көчөнүн тургундары жарыксыз отурат" дейт окурман

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылындагы Асилбек Текебаев көчөсүндө электр жарыгынан көйгөй жаралып жаткандыгын SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман билдирди.

"Асилбек Текебаев көчөсүндө электр жарыгы жок жашоочулар кыйналып, өзүбүз трансформатор сатып алганбыз. Андан кийин Базар-Коргон электр ишканасына кайрылып, жергиликтүү бийлик тийиштүү акчаны да бөлүп берген. Сатып алган трансформаторду орнотуп да алганбыз. Бирок Базар-Коргон райондук электр ишканасы өз деңгээлинде ишин аткарбай, май айынан бери ар кандай шылтоону айтып, элдин муктаждыгын аткарбай келүүдө. Тактап айтканда, трансформаторду токко улап бере алышпай жатат. Ушул маселени 5 айдан бери чечип бере албагандыктан, аталган көчөдө жарык жок. Бул көйгөйдү чечүү үчүн облустук электр тармактар ишканасы, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чейин бардык. Бирок алар кайдыгер мамиле кылып жатышат", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан