Өткөн аптада Ички иштер министрлиги быйыл жасалма паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Бул маселе Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаити Түркияда киши колдуу каза болгондон кийин дагы бир жолу козголду. Буга Саймаитинин жанынан Кыргыз паспортунун табылганы жана түркиялык басылмалар анын өлүмүнө шектелгендерден да Кыргыз паспорттору алынганын жарыялагандыгы себеп болду. Мамлекеттик каттоо кызматы муну четке какты.
Ал эми УКМК Саймаитинин Кыргыз паспортун алганы боюнча 1 жарым ай мурун кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кыргыз паспорт башка жарандарга берилгендиги негизинен ал адам кылмыш жасаса же кырсыкка кабылган учурларда ачыкталат, ачыкталбай калган канчалаган паспорттор берилди деген суроо көбүндө жаралат. Буга байланышкан эң чуулуу окуя 2016-жылы катталган. Анда Түркияда Кытайдан келген уйгур улутундагы 98 адам Кыргыз паспорт менен кармалган болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ИИМ быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголгонун билдирди. Канткенде Кыргыз өлкөсү жасалма паспорттордун мекени дегенден арылат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин пикиринде, жасалма паспорт берүү токтобосо, дүйнөлүк аренада Кыргыз өлкөсүнүн аброюна шек келип, Кыргыз жарандарына ишенбөөчүлүк пайда болуу ыктымалдуулугу бар.
"Кыргыз паспортторунун башка өлкөлөрдө жасалма жол менен чыгып жатканы бизди албетте, өкүндүрөт. Буга чейин өзүбүздүн кызматкерлер паспортторду коррупциялык жол менен жасап келсе, азыркы технология өнүккөн убакта бардык жерде аны жасоого мүмкүн болуп калды. Мындан улам биз дагы жаңы технологияларды колдонуп, жарандын бармак изи, анын сүрөтүн электрондук түрдө кабыл алып текшерген жаңы ыкмаларды колдонуубуз керек.
Ар бир адам паспортту ушул жол менен алса жакшы болот. Мурдагыдай кол коюу жолу болсо, аны окшоштуруп жасап коюп жатышат. Ошондуктан жаңы ыкмаларды колдонуп, ал ыкмалардын негизинде алдын ала иш жүргүзбөсөк, анда дүйнөлүк аренада биздин аброюбуз түшө берет. Акыркы Саймаитинин окуясы, сириялык жарандардын кыргыз паспорту менен жүргөнү өтө өкүнүчтүү нерсе. Бул дүйнөлүк коомчулукта дагы, биздин коомдо дагы Кыргыз жарандарына болгон ишенбөөчүлүктү арттырат. Мамлекет өлкөнүн келечегин, жарандарды ойлосо, бул маселени тез арада жөнгө салуусу керек", - деди Тиллаев.