Александр Крестинин: "Биз ар бир оюн сайын алдыга өсүүдөбүз"

Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан беттешинин алдында командалардын башкы машыктыруучуларынын катышуусунда маалымат жыйын өттү. Анда Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

- Тажикстан курамасы толугу менен Бишкекке келе элек экендиги Кыргыз командасы үчүн кандай таасир берет?

- Бул Тажик тараптын көйгөйү. Биз үчүн кандай таасир берерин билбейм. Биз өзүбүздүн оюнубузду карайбыз. Акыркы эки оюнда утулуп калдык, эми упай алышыбыз керек.

- Япония менен болгон оюнда эмнеге гол киргизе албай калдык?

- Ал оюнда 4 кооптуу абал жараттык, япондор үчтү жаратышты. Биз гол киргизе албай калдык, алар ийгиликтүү болду. Дарбазага соккуларды узатып жаттык, япон дарбазачысы мыкты ойноду. Япония менен Азия Кубогунан кийин биз сыяктуу ойногон команда болгон эмес. Командабыз аларды коргонууда ойноого мажбурлады, бир гана дарбазага таамай боло албай калдык. Монголия менен болгон оюндагы 1-таймда 4 гол киргизмекпиз, бирок эки гана гол киргизе алдык. Бул футболчулардын чеберчилигинен көз каранды.

- Эртеңки оюндан эмнени күтүп жатасыз?

- Маанай жакшы. Япония менен болгон оюнда бардыгы ойдогудай болгон жок, бирок, эртең биз ийгиликтүү болобуз деп ишенем.

- Люкс менен Сагынбаев оюнга чыга алышабы?

- Бекжан толугу менен айыкты. Ал оор жаракат алган эмес. Люкс дагы өз калыбында. Бардык футболчулар даяр.

- Тажикстан курама командасы канчалык күчтүү?

- Биз үчүн эң күчтүү атаандаш - бул өзүбүз. Дүйшөмбү шаарында өткөн оюн мен улуттук курамга машыктыруучу болуп келгенден бери эң алсыз оюнубуз деп айта алам. Эми андай каталарды кетирбейбиз. Ал оюн сентябрда болгон, андан кийин биз бир канча оюн өткөрдүк. Ар бир оюн сайын команда алдыга өсүүдө.

- Курамдагы дарбазачылардын атаандаштык жөнүндө...

- Азыркы учурда Кашуба бардыгынан эң күчтүү дарбазачы болуп эсептелинет. Кутман Кадырбеков Япония менен болгон беттешке бардык жагынан даяр болчу, ошондуктан негизги курам менен чыкты. Азыркы учурда Кашуба Калыс Акималиевден мыкты.

Футбол боюнча Кыргыз-Тажик беттешинин алдында маалымат жыйын өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
souza.j
2019-11-18 18:00:52
Азамат футбол коргондой болуп атам ар бир оюнда
+8
Altyn.bala
2019-11-18 18:51:15
Алыкулов красавчик!Неймар Мбаппелерди токтотуп жургон Марсельдин коргоочусу Сакаи ден жон эле отуп кетип атты.
+4
KG_7755
2019-11-19 08:50:03
Чынын айтканда Кыргызстан курамасынын оюндары футбол күйөрмандарына майрам тартуулап келүүдө. Команданын оюнун көрүп, күйөрмандык кылып канааттануу менен кийинки оюндарды күтүүдөбүз. Бүгүнкү оюнда жалаң гана утушту күтүп атабыз. Алга Ак шумкарлар!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан