Бүгүн, 19-ноябрда Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргыз курама командасы Тажикстан менен ойнойт.
Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы 20:00, стадион 18:00дөн тарта күйөрмандар үчүн ачылат.
Учурда 4 оюнда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын карамагында 6 упайдан бар. 5-сентябрда Кыргыз өлкөсү Дүйшөмбү шаарында үй ээлерине 1:0 эсебинде утулуп калышкан.