КВНчи Эльдияр Кененсаров Орусиянын "Жылдын студенти" сыйлыгына калыстык кылды

14-18-ноябрь күндөрү Ростов-на-Дону шаарында Орусиялык улуттук "Жылдын студенти - 2019" сыйлыгы орун алды. Ага "Азия Mix" КВН командасынын жетекчиси Эльдияр Кененсаров калыстык кылды.

Сыйлыкка катышкан 330дан ашык студент "Жылдын студенти" сыйлыгынын алкагында 7 жеке, 7 жамааттык наам боюнча ат салышты. Билими, дүйнө таанымы менен атаандаштарын артта калтырган "Жылдын студенти" сыйлыгынын баш байгеси М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин студентине буюрду. Аталган сыйлыктын финалдык сынагына кыргыздын сыймыгы, Орусиялык КВН Жогорку Лигасынын чемпиону "Азия Mix" командасынын капитаны, акыркы кезде өзүн ырчы катары сынап жүргөн ырчы Эльдияр Кененсаров, жеңил атлетика боюнча дүйнөнүн 6-жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону Татьяна Лебедева, музыкант, акын, алып баруучу Стаст Море жана башкалар калыстык кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mamiev
2019-11-19 19:55:59
Бул мужикти сыйлабай калдым аялы менен ажырашкан дан кийин. Канчалаган ийгиликтерди жаратты ошол ийгиликтин артында аялы турат. Биз эркектер кичине ийгиликке жетип акча таап калсак эле аялды тоготпой калабыз. Тамашоучу муратка окшоп
-4
Hurem
2019-11-19 22:29:00
Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан