КҮНСОБОЛ: Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат? Жээнбеков: "30 жыл бою үйүлгөн маселелерди чечпей туруп, биз инвесторлорду миң жолу чакырып, миң жолу конференция өткөрсөк да жыйынтык чыкпайт"

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, инвестиция келгенге өкмөт жакшы шарттарды түзүшү керек. "Биз 30 жылдан бери инвестиция тартуу, насыя, донорлордон жардам жөнүндө сөз кылабыз. Бирок буга мамлекетте татыктуу, керектүү шарттарды түзгөн эмеспиз. Биринчи кезекте өкмөт бардык коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргыз мамлекетине инвестиция келгенге жакшы шарттарды түзүү керек. Салык, коопсуздук маселеси каралышы зарыл. Эгемендүү, адилеттүү сот системи болушу шарт.

Бизде татыктуу, билимдүү адамдар болушу керек. Инвесторлор келгенде жумушчу орундарды түзгөндө билимдүү адамдар зарыл. Кыргыз өлкөсү билим деңгээли боюнча дүйнөдө эң артта калган мамлекеттердин катарында турат. Мына ушул маселелерди чечпей туруп, биз инвесторлорду миң жолу чакырып, миң жолу донордук конференция өткөрсөк да жыйынтык чыкпайт", - дейт Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан