Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков ири инвесторлор келиш үчүн чуулар аз болушу керек деген пикирде.
"Албетте, ири инвесторлор келиши үчүн биринчи кезекте, ири долбоорлор керек. Ошондой эле алар Кыргыз мамлекетинде жакшы иштеш үчүн эл аралык коопсуздук боюнча рейтингди карашат. Булар камсыз болгондо инвесторлор коркпой келе беришет. Өлкөдө тынчтык болсо, ошого жараша инвестор келет. Акча тынчтыкты сүйөт", - дейт Турсунбеков.