Бишкектеги Арча-Бешик жана Ак-Өргө калктуу конуштары борбордук канализацияга туташтырылды. Маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Арча-Бешиктеги жаңы канализация тармактарынын узундугу 1 чакырым 300 метрди түзүп, миңдеген турак үйдү камтыйт. Ал эми Ак-Өргөдөгү канализациянын чени 385 метрди түзүп, 200гө чукул тургун туташтырылган.
"Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаар тургундары менен жолуккандан кийин жаңы кичи райондордун, калктуу конуштардын инфраструктураларын жакшыртуу үчүн активдүү иштер жүргүзүлүп жатат", - дейт мэриянын маалымат кызматынан.
Быйылкы жылы Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Рухий-Мурас, Ак-Тилек калктуу конуштарын борбордук канализацияга туташтыруу каралган. Мындан тышкары, Мурас-Ордо, Көлмө жана Чалбай конуштарына узундугу 13 чакырымды түзгөн канал курулары айтылат маалыматта.