Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон берилет

Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку "балага сүйүнчү" жөлөк пул берилет. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирерин өкмөттүн аппарат кызматынан билдирди.

"Үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, алардын саламаттыгы, билим берүү, тарбиялоо, коопсуздук маселелерин чечүү боюнча чаралар өкмөттүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Өкмөт социалдык жана балдарды коргоонун институционалдык механизмдерин жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат.

Үй-бүлөнүн жашоо-шартына карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку "балага сүйүнчү" жөлөк пулу берилет" деди маалымат кызматынан.

Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоо максатында "персоналдык ассистент" кызматы ишке киргизилди. Бул кызмат балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөрүн кошумчалады басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baiazat
2019-11-19 19:22:07
Буларга квартира бербейсинерби
0
sainazarov0555
2019-11-19 19:24:35
baiazat,Акчасын ала туралы :)
+1
bekbol2006
2019-11-19 19:42:39
Берилгени жакшы бирок айыл жашоочуларынан алгандар аз. Ошко келсен 95% туугандар эле алат. 7 8 балалуу болушуп
+1
Erik2018
2019-11-19 19:58:12
сүйүнчү пулду көбөйтүп жакшы кылыпсынар
+1
Absamat-90
2019-11-19 20:30:15
Бул жакшы тирек болот баланын торолгонуна чейин, көп каражат кетет билинбеген менен.Ал эми кв ансыз деле берилип келди го үч эм төрөгөндөргө.
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-11-19 20:53:37
Ал 50 минди алыш учун 50миндик документ чогултасын атана бар энене бар деп акыры акчаны оздору жеп салат
+3
talas0707
2019-11-19 21:01:58
Ошондо эгиз торолсо берилеби? Же торолгон балага берилеби?
0
take1984
2019-11-19 21:56:03
3 бала эгиз торосо 150 мин 4 эгиз бала торосо 200 мин 2 бала торосо жок
0
Saidochka
2019-11-19 22:59:34
take1984,эгиз деген-экоо,3эгиз,4 эгиз деген сөз жок
0
Nevestkaa
2019-11-20 01:27:22
3эм дегени 3бала бир убакта төрөлгөнду айтат да туурабы?50 000 ар бир балага берилет деп мурунку шайлоого жакын айткансыңар ошол сөзүңөрдү бул шайлоого чейин алып келипсиңер да .50миңди коё туруп 800сомдон пособие берип алгылачы биринчи.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан