Кыргыз өлкөсү - Тажикстан - 1:1. Оюн тең чыгуу менен аяктады (хронология)

2019-11-19 21:54:00

Финалдык ышкырык жаңырды. Эсеп - 1:1. 

2019-11-19 21:53:00

Оюндун чыңалуусу мына. Талаанын ортосунда футболчулар талашып-тартышууда. Башкы калыс баарын жайгаштырды. 

2019-11-19 21:50:00

ЛЮЮЮЮКС! Соккусу дарбазанын үстүңкү мамысына тийип калды. 

2019-11-19 21:49:00

Коноктор убакытты чоюу боюнча чемпион команда экендигин далилдешти.

2019-11-19 21:44:00

"Ак шумкарды" Люкс эмес, Тамирлан Козубаев сактап кетти! Эми дагы бир гол болсо, мындан да сонун болмок эле. 

2019-11-19 21:40:00

ГООООООООЛ! Эсеп теңелди. Бурчтан берилген топту Козубаев дарбазага киргизди!

2019-11-19 21:34:00

Тайпада 2-орунду алуу көз кайымдан учуп жатат. Бул оюндан жеңилсек, 3-орун үчүн гана Мьянма менен күрөш жүргүзүп калабыз.  

2019-11-19 21:33:00

Абада голдун даамы сезилбейт. Бир гана чыңалуу. 

2019-11-19 21:29:00

Абдурахманов Шукуровду алмаштырды. 

2019-11-19 21:28:00

Сагынбаев кайрадан! Соккусу дарбазага таамай болбой калды. 

2019-11-19 21:20:00

Люкс Кыргыз курама командасын сактаганы чыкты. Майер талаадан кетти. 

2019-11-19 21:17:00

Коноктор убакытты чоюуну баштады. Бир четинен туура. Конокто мындай жеңиш таттуу. Жеңиш үчүн бардыгына даяр болуш керек.  

2019-11-19 21:16:00

Майер сары айып кагазын алды. Буга чейин Шукуров 1-таймда сары кагаз алган. 

2019-11-19 21:13:00

Бернхарддын соккусу дагы дарбазадан өйдө кетти. 

2019-11-19 21:08:00

Майердин соккусу! Бурчтан чыгарып берилген топту башы менен сокку узатты. Дагы өйдө кетти!

2019-11-19 21:06:00

Сагынбаев! Узатылган соккусу дарбазадан бир аз өйдө кетти. 

2019-11-19 21:04:00

Кыргыз футболчулары чабуулдар менен 2-таймды баштады. Бул оюнда упай албасак, тайпадан 2-орунду алуу татаалдашат. 

2019-11-19 21:01:00

2-тайм башталды. Биринчи алмаштыруу - Юсуповдун ордуна Жыргалбек уулу талаага чыкты. 

2019-11-19 20:47:00

1-тайм аяктады. Эсеп - 0:1. 

2019-11-19 20:46:00

Мурзаев! Башы менен узатылган соккусун дарбазачы оңой эле тосуп алды. 

2019-11-19 20:40:00

Акыркы 10 мүнөт бою чабуулда үй ээлери. Тажик футболчулары коргонууда гана ойноодо. 

2019-11-19 20:32:00

Кичиндин жакынкы бурчка узатылган соккусун дарбазачы тосуп кетти! Кооптуу абал. Үй ээлеринин оюну жүрүшпөй жатат. Мындай оюн менен упай алуу оор болот.

2019-11-19 20:21:00

Алыкулов эми гана өзүн көргөздү. Анын соккусун дарбазачы тосуп алды. 

2019-11-19 20:18:00

Гол. Тажик футболчусу Эргашев эсепти ачты. 

2019-11-19 20:13:00

Кооптуу абал жарала элек. Оюн ортоңку бөлүктө жүрүп жатат. 

2019-11-19 20:07:00

Шукуровдун бурчтан чыгарып берген соккусу Рибери менен Роббендин комбинациясына окшошуп кетти. Бирок, топ дарбазадан өйдө кетти.  

2019-11-19 20:05:00

Азырынча эки команда талаага көнө албай жатышат. Каталар көп кетүүдө. 

2019-11-19 20:03:00

Талаада топко ээлик үчүн күрөш жүрүүдө. Кыргыз футболчулары чабуул уюштурууларын баштады. 

2019-11-19 20:00:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Оюн башталды. 

2019-11-19 19:58:00

Эки өлкөнүн гимни жаңырды. 

2019-11-19 19:36:00

Командалар оюн алдындагы машыгууга чыгышты. 

 

2019-11-19 19:32:00

Крестинин бул оюнга 5-4-1 тактикасы менен ойнойт же оюн өңүтүнө жараша 3-5-1-1 болуп өзгөрөт. 

2019-11-19 19:30:00

Негизги курамда Люкс чыкпайт. Башкы чабуулчулук милдетти Мирлан Мурзаев аркалайт.  

2019-11-19 19:26:00

Кыргыз өлкөсүнүн курамы белгилүү болду. 

2019-11-19 19:22:00

Бүгүн, 19-ноябрда Катар-2022: Дүйнө чемпиондугунда тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргыз курама командасы Тажикстанды кабыл алат. 

Гүлжигит Алыкулов - кыргыз футболунун үмүтү. Оюн башталганга чейинки репортаж
Кыргыз-Тажик футбол беттешинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (56)
Alixan-Nookat.2015
2019-11-19 21:37:52
1:1 гооол
+3
aydinnur
2019-11-19 21:39:00
оох молодцы
+2
katerina.li
2019-11-19 21:40:50
Тен чыкса кандай болот?? Ким билет??
0
Dembele84
2019-11-19 21:59:52
katerina.li,7-7 очколору менен группада Экинчи орунда калышат экоо тен
0
Kara-kulzha
2019-11-19 22:02:33
Dembele84,Гостевой менен тажиктер алдыга озуп кетпейби
0
keku00
2019-11-19 22:08:59
Kara-kulzha,эми биздин курама мьянма менен монголдорго кобуроок гол сайышы керек. 3тон,4 тон ошондо квалификацияга чыгабыз
-3
katerina.li
2019-11-19 22:21:23
Dembele84,эмне нормально жооп берсе деле минус баса берген элдер??? Чон ракмат жообуна.
+2
keku00
2019-11-19 23:02:27
katerina.li,себеби голдор айырмачылыгы деген бар. Отрывка карайт, бизде +5 ,тажиктерде -2. Ошон учун, 7 упай болгону менен, экоотен 2- орунда деген туура эмес болуп калат.
+1
Dembele84
2019-11-20 13:54:06
keku00,Главно очко боюнча алганда экоо тен келе жатат,аларды забитый пропущенный голдорду,очный встреч дегендерди эсептегени убакыт келе элек!
0
Alixan-Nookat.2015
2019-11-19 21:46:15
Гулжигит Алыкулов азамат!
+6
Alixan-Nookat.2015
2019-11-19 21:53:26
Оюн бүттү
-2
keku00
2019-11-19 22:07:08
Alixan-Nookat.2015,качан бутту?
+1
monok2001
2019-11-19 21:55:16
Крестенин отставкага кто за
-20
aydinnur
2019-11-19 22:10:39
monok2001,201 чи орундан 74орунга алып келген Крестининге алкыш айтыш керек!!!
+7
keku00
2019-11-19 22:59:25
aydinnur,10 % тренерский штабдан, калган 90% игроктордон зависит этет!
0
ilgizk
2019-11-19 22:03:55
Кыргызстан, Барселона эмес да тажиктер коргонууга жатып алышты,шашылып безплан эле ойноп атышты,эң жакшы ойногон баякы эле Кичин,азаматсың .
Калган оюнчулар пешком эле жүрдүңөр ...
+6
keku00
2019-11-19 22:05:40
Думаю пора уже Крестинину уйти из нашей сборной. Либо пусть уйдет с поста главного тренера Дордоя. Он не уделяет достаточно времени для физ подготовки нашей команды. Ребята слабые. И нет тактической связи между игроками дордоя и игроками из других клубов. Это показывает, что Крестинин не занимается со сборной достаточно!
-4
dair_17
2019-11-19 22:50:42
keku00, Крестининде куно жок составды карасан биз тааныбаган футболисттер да бар. Бизге дагы жок дегенде Кичиндей, Мурзаевдей, Алыкуловдой, Бернхардтай футболисттер керек.Жыргалбек уулу, Шукуров, Мусабеков до да умут бар
+2
Dembele84
2019-11-19 22:08:25
Мырзаев чал эч нерсеге жарабайт,состав начар.Дуйнолук чемпионатка барышты унутуп койгула мындай оюн менен.Шалдырайт го баары титиреп
0
dair_17
2019-11-19 22:39:55
Dembele84, Мурзаевке оомат келбей жатат просто, негизинен денгээли бийик оюнчу
0
Islambek123
2019-11-19 22:09:45
Мирзаевди нападающий кылбай эле мал бактырыш керек колудан да бутунанда пок келбейт.Башка нападающий коюш керек тез арада.
-3
D.I.D.
2019-11-19 22:16:23
Матяш жөнөкөй эле голду өткөрүп алды.Жакшы дарбазачы керек.Акшумкардын оюну башаламан болду.Тажиктердин дарбазасына жакындаганда эле өздөрүн жоготуп,дарбазага тебе албайт экен.Чабуулду жыйынтыктаган оюнчу керек
+2
PUM.PUM.KG
2019-11-19 22:31:33
Негизи оюнду алып карасак орто, жакшы деп бааласамда болмок, бирок команданы эн чон катасы бирин бири тушунуусу начар. Атаандаштын дарбазасынын алдында тобокел эле баш аламан ойун жургузо берет экен. Конкретуу комбинация, сокку жокко эсе. Бизге Кичиндей озуно ишенген бир эле чабуулчу болсо далай атаандаштын шаштысын алчудайбыз. Алыкуловко келсек жаш амбициясы финттери кучтуу жарым коргоочу экендиги талашсыз бирок чечуучу мезгилде сокку узата албагдыгы окундурду.
+4
jigit93
2019-11-19 22:54:12
Эмне дейбиз уят уят уят
Давление кылды мандраж болуп ар ким озунчо ойноду команда жок
+1
KG_7755
2019-11-19 23:14:45
Ошончо куйормандын суукта ушуп, колдоп турганына карабастан Ак шумкаллар конулго толоорлук оюн корсото алышпады. Моюнга алышыбыз керек Тажиктер кандай ойносо да, биздин командага караганда кучтуу экендигин далилдешти. Куйормандардын ишеничин акташкан жок. Озубуздун жерибизде жансыз тажиктерди ута албагандыгы ото уят эле иш болду.
+1
Jenishbek111
2019-11-20 11:11:20
Жакшы ойношту бирок Мустафа Юсупов жакшы ойнобой койду башында планды бузду ишенбесенер карап коргуло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан