Бүгүн, 19-ноябрда Катар-2022: Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында, футбол боюнча Кыргыз курама командасы Тажикстандын курамасы менен оюн өткөрдү. Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Стадион саат 18:00дөн тарта күйөрмандар үчүн ачык болгондуктан, биз футбол көрүүгө келген айрым күйөрмандарды оюн башталганга чейин кепке тартып, алардын божомол ойлорун уктук.
Көпчүлүк беттешти көрүүгө келген күйөрмандар Кыргыз курамасынын жеңишке жете турганына ишеними чоң экенин билдирип, арасында кээ бир оюнчулардын атын айтып, баса белгилеп, аларга ишеним артып жатышканын билдиришти.
Сурамжылоого катышкан футбол сүйүүчүлөрдүн калың катмары куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Гүлжигит Алыкуловго ишеним көрсөтүп жатышты.
Бул тууралуу толук түрдө видеодон көрүңүз.