Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз курама командасы Тажикстан менен Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында беттешти.
Кызуу беттеш 1:1 эсеби менен аяктады. Оюндун 83-мүнөтүндө Тамирлан Козубаев эсепти теңегенге жетишти.
Эки команда бирден упай алып, тайпада 7 упайдан топтошту.