Кечээ, 19-ноябрда Казакстандын Чымкентинде шаардык оорукананын башкы дарыгери Абылай Донбай камакка алынды. Ага адам органдарын мыйзамсыз трансплантация кылууга катышкан деген айып тагылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн арасында Кыргыз жараны дагы болгон.
"Казакстандын аймагында коңшу мамлекеттердин жарандары тарабынан түзүлгөн кылмыштуу топ иштеген. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү бөйрөгүн сатууга даяр болгон адамдарды таап, шаардык оорукананын башкы дарыгеринин жардамы менен трансплантациялоо боюнча операцияларды ишке ашырып турган. Донорлор катары Кыргыз өлкөсүнүн, Өзбекстандын айрым учурда Украинанын жарандары да болгон. Ал эми кардарлар бай чет өлкөлүк жарандар болгон. Казакстандын мыйзамына ылайык, анын жарандарына бөйрөгүн чет мамлекеттин атуулдарына сатканга тыюу салынган. Тергөөдө дарыгер операцияларды ири суммадагы каражат алуу менен жасап турганы аныкталган. Ошондой эле камакка Тайсалова аттуу Кыргыз жараны дагы алынганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Абылай Донбай Казакстандын эң жаш трансплантологдорунун бири катары саналат.