Тажикстандын башкы машыктыруучусу Усман Тошев Кыргыз курама командасы менен болгон оюн тууралуу айтып берди. Бишкекте өткөн оюн 1:1 эсеби менен аяктаган.
"Эки команда тең кызыктуу оюн көрсөтүштү. Бул беттеште эч ким утулгусу келген жок. Оюнга купулум толду, футболчуларыма ыраазымын. Биз гол киргизгенден кийин эсепти кармап калууну ойлобой, экинчи голду киргизүү үчүн аракет кылып жаттык. Бирок ортоңку бөлүгүнөн өтүү кыйынчылык жаратып жатты. Тең чыгуу эч бир командага керек эмес эле. Тайпадан чыгууга дагы да болсо мүмкүнчүлүк бар", - деди Тошев.