Депутат Акылбек Жапаров: "Мамлекеттик фонддун жерлери боюнча 244 кылмыш иши козголду"

Акимчиликтерге мамлекеттик фонддун жерлерин берип койсо, коррупция күчөп кетиши ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаевден Сокулук районунда фонддо канча гектар жер бар экенин сурады.

Ботобаевдин айтымында, жалпы фонддун жери 16 миң 23 гектар. Буга карата Жамалдинов жерлерди акимдердин карамагына өткөрсөк, айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктары чектелет деген пикирин билдирди.

Ал эми мыйзам долбоорду сунуштап жаткан депутат Акылбек Жапаров: "Айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктарына эч ким киришкен жок. Өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн ортосундагы карым-катнашты тескөө максатында иш жүргүзүп жатабыз. Мамлекеттик фонддун жерлери боюнча 244 кылмыш иши козголду. Айыл өкмөттөрдө мамлекеттин карамагындагы жерлер мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул темп менен кете берсек, айыл өкмөттүн баары суракта жүрүп калат. Анда ким иштейт? Чүй облусунда жерди мыйзамсыз сатуу боюнча жетекчилик кызматтагы адамдар кармалды. Келечекте коррупция болбош үчүн "жер агенттиги" түзүлдү. Эми жаңы жер кодексине ылайык, жерге болгон мамиле, ага карата саясат өзгөрөт деген ишеничтебиз", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан