Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Тажикстан менен болгон оюн тууралуу айтып берди.
"Оюндун башында көп катачылыктар кетип жатты. Биздин футболчулар шашып жатышты. Голду эсепке албаганда, оюн толугу менен биздин көзөмөлдө өттү. Эки тайм бою атаандаштын бөлүгүндө ойноп, эки эле жолу дарбазага таамай тебүү менен жеңишке жетишүү мүмкүн эмес. Оюнчулар тебүү үчүн абал жаралганда, сокку узатуунун ордуна башка чечимдерди кабыл алып жатышты. Атаандаш оюну менен таң калтырган жок. Голдон башка алар эч нерсе көрсөтө алышкан жок", - деди Крестинин.