Креативдүү программалоо боюнча олимпиада: "Максатыбыз өлкөнү жаштар аркылуу инновациялык өлкөгө айлантуу"

Жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүндө креативдүү программалоо боюнча олимпиада старт алат. Ал Орто Азия боюнча биринчи жолу өткөрүлүп, ага 1-7-класстын окуучулары катыша алышат.

Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда "Супер-Медиа" маалымат борборунда долбоорду демилгелегендердин катышуусунда маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйында окуу шарттары, олимпиадага катышкан окуучуларга талаптар тууралуу сөз болууда.

"Бул долбоордун максаты креативдүү, рамкадан сырткары ойлонгон, жаңы ачылыштарды жасоого кызыкдар жаштарды өстүрүп, аларга жол көрсөтүп берүү болуп саналат.

Келечекте жаштар технологиялык прогресстин өсүүсүнө билими аркылуу таасирин тийгизип, дүйнөнү жакшы жакка өзгөрүүсүнө салым кошуп, себепчи боло алат. Жаштарга IT тармагында билим берип, өлкөнү инновация өлкөсүнө айлантуу максатыбыз бар", - дешти алар маалымат берип жатып.

Аталган олимпиадага 7 жаштан 13 жашка чейинки окуучулар катыша алат. Алдын ала катышуучулар үчүн акысыз мастер класстар өткөрүлдү. Баш байге – 200 000 сомду түзөт.

Олимпиада тесттик суроолордон түзүлгөн. Учурда долбоорго 400 окуучу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан