Катар-2022: Кыргыз курама командасынын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана алдыдагы атаандаштары. Тайпадагы бардык жагдай

Кыргыз курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында F тайпасында 5 оюн өткөрдү. 19-ноябрда Бишкекте "Ак шумкар" Тажикстан менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты.

6-турдан кийинки тайпадагы жагдай

Муну менен Кыргыз курама командасы тайпада 7 упай топтоп, 2-орунда келе жатат. Бирок Тажикстандын карамагында да 7 упай бар. Бул командадан голдордун айырмачылыгындагы көрсөткүчтүн эсебинен "Ак шумкар" алдыда. Азырынча голдордун эсеби Кыргыз курама командасыныкы - 10 гол киргизип, өзүнө 5 гол өткөргөн (+5), Тажикстандыкы 6 гол киргизип, 8 гол өткөрүшкөн (-2).

Алдыда боло турган беттештер

Эми Кыргыз курама командасы алдыда дагы 3 оюн өткөрөт. Мьянма жана Япония менен конокто жана Монголия менен өз үйүндө. Оюндардын бардыгы 2020-жылы өтөт.

8-тур, 31-март, 2020-жыл
Мьянма — Кыргыз өлкөсү
9-тур, 4-июнь, 2020-жыл
Кыргыз өлкөсү — Монголия
10-тур, 9-июнь, 2020-жыл
Япония — Кыргыз өлкөсү

Тажикстан Мьянма жана Монголия менен өз үйүндө, Япония менен конокто ойнойт.

Тандап алуу оюндарынын 3-раунду

Учурда Дүйнө чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо көп жаралып жатат. Кыргыз курама командасынын мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок Тажикстан менен болгон оюндан кийин бир кыйла азайды. Тандап алуу раундунун 3-бөлүгүнө 8 тайпанын жеңүүчүсү жана 2-орунду алган 4 мыкты команда 3-раундга өтөт. 3-раундда Азиянын мыкты 12 командасы мундиалга баруу үчүн күч сынашат. Учурда 2-орун алган командалардын 6-турдан кийинки жагдайы төмөндөгүдөй:

Дагы бир жагдай, Е тайпасында Катар 1-орунду алса, анда 2-орун алгандардан 5 команда чыгат. Анткени, Катар мундиалдын ээси катары Дүйнө чемпиондугуна жолдомо талашпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn2017
2019-11-20 16:32:40
кечее тажикстанды женгенибизде 9 упай менен 3 орунга жайгашмакпыз эми Мьянма менен монголияны женип Японоия менен тен ойнош керек и анан Тажикстандын бир оюндан женилишин күтушубуз керек.
+1
aibero
2019-11-21 21:43:31
Таджикистан Япония менен конокто ойносо утулат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан