Депутат Бокоев: "Акимдердин айыл өкмөттөрдү түз башкаруусу Баш мыйзамга каршы келет"

Депутаттар тобу жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул мыйзам долбоору бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Акылбек Жапаров жергиликтүү өзүн өзү башкаруу администрациянын милдеттери так көрсөтүлбөй, баш аламан болуп кеткен. Айыл өкмөттөр токтомдорду аткарбай калган деген пикирин билдирди.

"Өлкө башчынын 2018-жылдын 10-январындагы “Аймактарды башкарууда жана Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан", - деди Жапаров.

Талкууда депутат Кенжебек Бокоев акимдердин айыл өкмөттөрдү түз башкаруусу Баш мыйзамга каршы келерин айтты.

"Административдик-территориялык реформаларды жүргүзүү менен кош мыйзам долбоорун чогуу кароо максатка ылайык болмок", - деди ал.

Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алышты. Ал эми депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер долбоор 2-окууда каралганда эске алынмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан